
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Иранда болгон жарандар Түркия аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ирандагы учурдагы кырдаал жана аба мейкиндигинин жабылышы менен байланыштуу, Түркиянын бийликтери чет өлкөлүктөр, анын ичинде кыргызстандыктар, Иран — Түркия маршруту боюнча жердеги көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу чек араны кесип өтө алаарын билдиришти.
«Иранды Түркия аркылуу таштап кетүүнү пландаштырган адамдарга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен алдын ала байланышып, Түркиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылуусу сунушталат», - деп белгилешти дипломатиялык өкүлчүлүктө.