
Рейд учурунда мыйзам бузгандарга айыппулдар белгиленди, ошондой эле 1 миң литр күйүүчү-майлоочу материалдар алынды.
Бишкек–Чалдабар автожолунда күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз соодасын аныктоого багытталган рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун коомдук коопсуздук жана жол кыймылы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүүлөрдүн натыйжасында мыйзамсыз отун сатуу менен алектенген адамдарга карата 179-беренеге ылайык протоколдор түзүлдү. Ар бир мыйзам бузууга 3 миң сом айыппул белгиленди.
Мындан тышкары, зарыл уруксат документтери жок кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча үч учур катталды. Бул мыйзам бузуу үчүн жарандарга 15 миң сомдон айыппулдар жазылды.
Салык кызматынын өкүлдөрү менен кызматташтыкта 1 миң литр отун алынды, ал белгиленген тартип боюнча тиешелүү органдарга өткөрүлдү.
Фото пресс-службасы