
«Кок-Жар» жашоочулар массивинде 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.
Курулуш министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, бардык иштердин аякташы ушул жылдын аягына пландалган. Учурда жер иштеринин аяктаган, имараттын фундаментин куруу боюнча активдүү иштер улантылууда.
Мектеп заманбап окуу кабинеттерин, лабораторияларды, китепкананы, ашкананы, компьютердик классты, устаканаларды, акт залын жана спорт залдарын камтыйт, булар окуу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздайт.
Окуу жайы ачылган соң, анда 2000ге жакын бала ыңгайлуу жана заманбап шартта окуй алышат.
Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөлөрүнө ылайык, Бишкекте Курулуш министрлигинин колдоосу менен 20 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.