Кыргызстанда бир жумада 7,7 миң ОРВИ жана грипп учурлары катталды
Адистер өткөн жумага салыштырмалуу оорулуулук 15,4 пайызга төмөндөгөнүн белгилешет.
Ооругандардын 72,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар, бул 5,6 миң учурга барабар. Алардын ичинен 9,4 пайыз, же 726 адам ооруканага жаткырылган.
Курч респиратордук инфекциялар жана гриппке окшош оорулардын эпидемиологиялык көзөмөлү Бишкекте, Ошто жана Токмокто улантылууда.
Дарыгерлер калкка алдын алуу чараларын карманып, көп адамдар чогулган жерлерден качууну жана өзүн-өзү дарылоодон алыс болууну катуу сунушташат. Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо, жашаган жери боюнча поликлиникаларга кайрылуу зарыл.