
Иранда Кыргызстандын болжол менен жүз жараны бар, алардын көбү эки жарандыкка ээ. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу бул тууралуу билдирди.
Ирандагы кыргызстандыктардын көпчүлүгүн жергиликтүү тургундарга турмушка чыккан аялдар түзөт.
«Эвакуациялоо боюнча суроолор келген жок. Бирок 11 жаран даярдык абалында. Эгер зарыл болсо, биз алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн уюштурууга даярбыз. Консул алар менен туруктуу байланышта», — деп кошумчалады ал.
Тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп, Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары менен байланышта болууну улантууда.