
Жаңы долбоор борбордогу автоунаалар үчүн орундардын жетишсиздигин жоюуга багытталган
Бишкекте мэрия коомчулукка жеке турак үйлөрдүн жанында автоунаа токтотуучу жайларды түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорун талкууга койду.
Инициативанын иштеп чыгуучулары билдиргендей, бул кадам шаардагы автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигине байланыштуу олуттуу маселени чечүүгө багытталган. Бул автоунаалардын газондордо, тротуарларда жана жолдордо тартипсиз токтоп калуусуна алып келет.
Пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-мартынан 2027-жылдын 1-февралына чейин иштейт. Жеке үйлөрдүн ээлери өз жерлеринде автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Эгер долбоор ийгиликтүү болсо, шаар бийликтери бул норманы туруктуу режимде киргизүү мүмкүнчүлүгүн карашат.
Сүрөт www