Жашыл зона ордуна аттракцион болот. Бишкектеги парктын бир бөлүгү тосмо менен курчалды

Анна Федорова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Жашыл зона ордуна аттракцион болот. Бишкектеги парктын бир бөлүгү тосмо менен тосулган
Бишкек шаарынын тургундары Байтик Баатыр атындагы парктын аймагында башталган курулуш иштерине нааразычылык билдиришти. Бул парк Азербайжан жана Кыргызстан Достук паркына жакын, Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Адамдар: «Парк тосулуп, жашыл зоналар жок кылынууда, контейнерлер коюлуп, техника иштеп жатат. Шаарда ансыз да дарактар жетишпейт, эми акыркы жашыл зонаны жок кылып жатышат», — деп билдиришти.

Алардын айтымында, борбордо парктар жетишпейт, жыл сайын алардын саны азайып жатат. «Эгер ал жерде жаңы имараттар же аттракциондор курулса, биз каршыбыз. Бизди угушун жана баары үчүн коомдук мейкиндик түзүшүн каалайт элек», — деп кошумчалашты шаардыктар.

Шаардык мэрия учурдагы иштер Sky Park аттракцион паркынын аймагында жүргүзүлүп жатканын түшүндүрүштү.
Фото 24.kg. Байтик Баатыр атындагы парктын участогу, жаңы аттракцион курулууда (схемада роза түстө белгиленген)
«Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү элементтери менен жаңы аттракцион орнотуу пландалууда. Бул жерде турак жай куруу пландалган эмес», — деп ишендиришти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, Sky Park аттракцион паркы 2025-жылдын 1-июнунда өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда ишин баштаган. Проекттин алкагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары жана концерттер менен фестивалдарды өткөрүү үчүн ачык асман астында сахналар куруу пландалган.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: