Документке ылайык, бир жолку социалдык жардам көрсөтүү тартиби кайра каралат, ошондой эле мындай жардамга укуктуу жарандардын категориялары такталат. Түшүндүрмө жазуусунда өзгөртүүлөр бюджеттик мүмкүнчүлүктөргө ылайык келүүгө жана процедураларды жөнөкөйлөтүүгө багытталгандыгы көрсөтүлгөн.
Токтомдун жаңыланган тиркемесинде өзгөчө кырдаалдардагы бир жолку төлөмдөр боюнча төмөнкү негизги пункттар баяндалган:
- төлөмдөр өзгөчө абал же өзгөчө кырдаалдардын II-V оорлук деңгээли киргизилген учурда гана жүргүзүлөт;
- үч түрдөгү төлөмдөр каралган:
- эвакуацияланган же көчүрүлгөн жарандар үчүн — биринчи кезектеги муктаждыктар (суусундук, тамак-аш, биринчи керектелүүчү буюмдар) үчүн;
- ден соолукка зыяны тийгендер үчүн — соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык;
- өзгөчө кырдаалдын натыйжасында каза болгон (өлгөн) адамдардын жакындары үчүн — ошондой эле СМЭдин негизинде;
- райондук коэффициент колдонулбайт;
- төлөмдөрдү белгилөө боюнча чечимди жарандык коргоо боюнча тиешелүү комиссия кабыл алат;
- документ ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу боюнча отчеттуулук талаптарын киргизет жана эл аралык өзгөчө жардам көрсөтүү учурунда ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн тактайт.
Түшүндүрмө жазуусунда Кабмин 2023-2025-жылдар аралыгында өлкөдө 170тен ашык өзгөчө кырдаал болгонун, анын натыйжасында ондон ашык адам каза болуп, жабыркаганын белгилейт. Төлөмдөрдү белгилөө үчүн так критерийлер тез жана адилеттүү жардам көрсөтүү үчүн, ошондой эле укуктук белгисиздикти жоюу үчүн зарыл.