Талапкерлердин арасында:
- Мурат Джумагулов — КРнын эмгек сиңирген кызматкери жана пенсионер;
- Токтосун Султанов — III даражадагы муниципалдык кеңешчи, КР Соцфондунун эмгек сиңирген кызматкери, БГКнын XXVIII чакырылышынын депутаты жана шаардык кеңештин мурдагы орун басары;
- Сайдулла Нышанов — «Данк» медалынын кавалери, Жогорку Кеңештин III, V жана VI чакырылыштарында депутат, коомдук ишмер;
- Анарбек Усенканов — КРнын физикалык тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген кызматкери, «Тайманбас» олимпиадалык резерв мектебинин тренери;
- Бакыт Боркоев — КТУ «Манас» профессору, КРнын билим берүү боюнча эмгек сиңирген кызматкери;
- Чинарбек Изабеков — КРнын аялдар күрөшү боюнча эмгек сиңирген тренери, ардагерлер арасында спорт чебери;
- Ибрагим Джунусов — КРнын эл артисти, мурдагы ЖК депутаты, профессор;
- Кулсара Турусбекова — КРнын эмгек сиңирген доктуру;
- Джипар Керимбаева — КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эмгек сиңирген кызматкери жана пенсионер;
- Алмамбет Матубраимов — III даражадагы «Манас» орденинин кавалери, Эл өкүлдөр ассамблеясынын төрагасы (1995);
- Артыкпай Суюндуков — КРнын эл артисти;
- Самат Курманкулов — «Эрдик» медалынын лауреаты, ички иштер органдарынын пенсионери.
Жергиликтүү бийлик шаардыктарды сунушталган талапкерлердин тизмеси боюнча пикирлерин жана сунуштарын бөлүшүүгө чакырды.