МЧСтин башчысы Нарын дарыясынын кооптуу участктарын текшерди
1-мартта, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Урматбек Шамырканов, Ак-Тал районунун акими Мирлан Камчыбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда Нарын дарыясынын потенциалдуу коркунуч туудурган участкаларын текшерди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Инспекция учурунда калкка жана айыл чарба жерлерине коркунуч туудура турган аймактар изилденди. Ведомство жакын арада бул коркунучтарды жоюу үчүн зарыл чараларды көрө турганын билдирди.
Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө жана Тоголок Молдо айыл округундагы калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо маселелери өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултайда талкууланганын белгилеп өтүү керек.