
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Иссык-Куль облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жыргалан районунда болуп, «Ала-Тоо Резорт» курулуп жаткан тоо-лыжа комплекси электрлендирүү процессин текшерди.
Ал «Три вершины» 35/10 кВ жана «Жыргалан» 35/6 кВ подстанцияларынын ишин текшерип, бул райондогу электр тармактарынын учурдагы абалын баалады.
Министр ошондой эле Ак-Суу РЭСинин курамында иштөөчү Жыргалан электр тармактарынын жаңы имаратын карап чыгып, бул бөлүмдүн кызматкерлеринин санын карап чыгуу боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары, ал Ак-Суу РЭСине кызматтык унааларды берүү убадасын берди.
Ошондой эле Жыргалан ГЭСинин курулушу боюнча иштер текшерилди, министрге бул долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Президент Садыр Жапаровдун энергетикалык секторду өнүктүрүү жана анын жетишсиздигин жоюу боюнча тапшырмаларына ылайык, Ибраевдин көзөмөлүндө зарыл долбоорлорду техника жана каржылоону камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда, 110 кВ «Пржевальск» подстанциясынан 110 кВ «Ала-Тоо Резорт» жаңы подстанциясына чейин 47 км узундуктагы аба линиясынын курулушу пландалууда. Долбоорлоо аяктады, тиешелүү келишимге кол коюлду, учурда трассаны тактоо жана опорлорду орнотуу жайларын макулдашуу жүрүп жатат. Линия үч айыл өкмөтү аркылуу өтөт — бардык зарыл чечимдер алынды, орман чарбасы жана жер ээлери менен макулдашуу улантылууда.
Ошондой эле 110/35/10 кВ подстанциясын куруу үчүн жер тандалды, бардык документтер даярдалды жана макулдашуу этаптары улантылууда. Бардык пландалган долбоорлор белгиленген мөөнөттө графикке ылайык ишке ашырылары белгиленди.