Международдык эксперттер Ош шаарын Генпланын иштеп чыгууга жардам беришет
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда JICA менен кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр талданып, аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Генералдык планды иштеп чыгуу боюнча техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүү боюнча иш-аракеттер талкууланды.
Талкуу учурунда вице-мэр Генералдык план мэрия үчүн маанилүү стратегикалык мааниге ээ экенин белгилеп, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап шаар куруу ыкмаларын колдонуу зарылдыгын айтты, бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи, — деп билдирет пресс-релизде.