
Ош мамлекеттик университетинде Филология жана мадлара аралык коммуникация институтунун алкагында орус тили боюнча Аптанын жыйынтыгы салтанаттуу түрдө чыгарылды. Бул иш-чара университеттин бардык факультетинин биринчи курс студенттерин масштабдуу билим берүү марафонуна бириктирди.
Апта ар түрдүү иш-чараларга толгон: салттуу олимпиадалардан баштап чыгармачылык конкурстарына чейин. Беш күн бою студенттер өздөрүнүн тилдик жөндөмдөрүн текшерип гана тим болбостон, театрлык көрсөтүүлөргө катышып, белгилүү авторлордун ырларын окуп, артисттик жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын кульминациясы олимпиаданын финалы болду, ага сегиз мыкты катышуучу чыкты. Алар грамматика, этимология жана синтаксис боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Теориялык билимдерден тышкары, финалисттер орус турмушунун буюмдары жөнүндө айтып, Россиянын белгилүү шаарлары боюнча виртуалдык экскурсияларды өткөрүп, маданият боюнча өз билимдерин көрсөтүштү.
Ош шаарындагы Русский домдун жетекчиси Дмитрий Аврамдын катышуусу иш-чарага өзгөчө маанилүү болду. Ал калыстар тобун жетектеп, студенттердин даярдыгын жогору баалап, алардын тилди гана эмес, өлкөнүн маданий мурасын үйрөнүүгө болгон чын жүрөктөн кызыгуусун белгиледи.
Салтанаттуу учурлар жаркын чыгармалар менен эсте калды: чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүлөрү адабий чыгармаларды жана популярдуу ырларды аткарышты. "Морозко" жомогунун театралдаштырылган көрсөтүүсү финалдын чыныгы кооздугуна айланды.
Орус тили боюнча Апта сыйлык тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дипломдор жана эскерүү белектери менен сыйланды, ал эми калган катышуучулар орус тилин үйрөнүүдөгү жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттарды алышты.