Бишкекте электросамокаттар менен жол эрежелерин бузгандар үчүн эрежелерди катуулаштыргысы келет
Жолугушууда операторлордун ишин учурдагы мыйзамдык нормаларга жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык келтирүү зарылдыгы, ошондой эле шаардык чөйрөдө электр самокаттарды пайдалануу тартибин киргизүү маселелери талкууланды.
Кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө колдонуучуларды көзөмөлдөөнү жакшыртуу, анын ичинде электр самокаттарды пайдаланууда жол кыймылынын эрежелерин бузган адамдар үчүн санкцияларды киргизүү сунушталды. Мэрия мындай жарандарга жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу же толугу менен чектөө керек деп эсептейт.
Дагы окуңуз:
Бишкекте электросамокаттар менен мыйзам бузгандарды тиркемелерде бөгөөгө болот
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын сүрөтү Электросамокаттарды колдонуу сезондорунун башталышы...