
Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери чыгып текшерүү жүргүзүп, «Ак-Орго» жашоо массивиндеги Кырк-Кыз көчөсүндө мыйзамсыз иштеп жаткан кафени аныкташты. Бул тууралуу шаардык башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү муниципалдык аймакта тиешелүү документтери жок кафе жана тандыр нанын сатуу пункту иштеп жатканын көрсөткөн.


Мурдараак, бул объекттин ээлерине мыйзам бузууну жоюу үчүн билдирүүлөр жана эскертүүлөр берилген.
Мыйзамдуу талаптар аткарылбагандыктан, жер пайдалануу боюнча башкармалык объектти жоюу иштерине киришти.
Бул аракеттердин натыйжасында 200 квадрат метр муниципалдык жер бошотулат.


Мэрия кичи жана орто ишкерлерге соода жайларын ачардан мурун бардык уруксат берүүчү документтерди алуу зарылдыгын эскертет. Бул нормаларды сактоо мыйзамдуу жана ийгиликтүү ишкердик ишмердүүлүктүн негизин түзөт.