2026-жылы 20 миңден ашык үй-бүлө мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай ала алышат
Анын маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жеңилдетилген ипотека үчүн 80 миңден ашык батир курулууда.
Мамлекеттик программа аркылуу турак жай алууга кезекте 90 миңден ашык жаран турат, жана бул сан өсүп жатат.
Келдибеков курулуштун темпи жыл сайын өсүп жатканын жана берилген батирлердин көлөмү дагы көбөйөөрүн белгиледи.
«Учурда Бишкек жана республикадагы жети облусунда 20 миңден ашык батир эксплуатацияга берилет деп күтүлүүдө. Мамлекеттик ипотека программасы социалдык демилгелердин арасында эң көп талап кылынган программалардын бири болуп калууда», — деп кошумчалады ал.