
Кеңештин негизги максаты — жаштарды өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык жашоосуна активдүү тартуу.
Бүгүнкү Жогорку Кенештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Жаштар кеңешинин түзүлүшү тууралуу маалымат берди, ал парламенттин спикеринин алдында иш алып барат.
Депутаттын белгилөөсү боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу Маданият министрлигинин карамагында. Бирок, анын айтымында, борбордук аппаратта бул тармакта болгону жети кызматкер иштейт, ал эми райондук маданият бөлүмдөрү көп учурда формалдуу иш алып барышат.
Муратбеков ошондой эле, Тораганын алдында Жаштар кеңешин түзүү идеясы мурда сунушталганын жана спикер тарабынан колдоого алынганын кошумчалады. Бүгүнкү күнү бул долбоордун расмий башталышы жарыяланды.
Жаңы Кеңештин негизги максаты жаштардын коомдук, саясий, экономикалык жана маданий жашоосуна активдүү катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
Депутаттын айтымында, Кеңеш парламентчилер менен Кыргызстандын жаштарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болушу керек. Жыйналыштар жылына төрт жолу өтөт, анда жаштар өзүнүн демилгелерин жана сунуштарын билдире алышат, алар жыйында талкууланат.
Кеңештин курамына Жогорку Кенештин Торагасы, депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жаштар кыймылдарынын активисттери, студенттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңештин аткаруучу органы катчылык функцияларын аткарат, ошондой эле региондордо өкүлчүлүктөрдүн болушу каралган.
Кеңештин төрагасы болуп Жогорку Кенештин Торагасы Марлен Маматалиев болот.
Мындан тышкары, Табылды Муратбеков Кеңештин иши үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат пайдаланылбай турганын тактады.
сүрөт www