


Бишкектин Ленин районунда рейд өткөрүлүп, мыйзам бузуу менен орнотулган 17 силометри алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымат берди.
Мэрдин тапшырмасы боюнча, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы шаар аймагында туура эмес жайгаштырылган силометрлерди демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Шаар бийликтери, борбордун аймагында кандайдыр бир объекттерди орнотуу үчүн тиешелүү уруксаттарды алуу милдеттүү экенин эске салып өтүштү.
Бул аракеттер жер пайдаланууну тартипке келтирүүгө жана шаарды көрктөндүрүүгө багытталган. Бишкектин башка райондорунда да ушундай рейддер жана демонтаждар пландалууда.