
Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин буйругуна ылайык, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы борбордун аймагында мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
Ленин районундагы рейд учурунда мыйзам бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч алынды.




Мэриядан белгилегендей, шаар аймагында ар кандай объектилерди орнотуу үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу милдеттүү.
Бул иш-чаралар жер пайдаланууну тартипке салууга жана шаардык чөйрөнү көрктөндүрүүгө багытталган. Мындай рейддер жана демонтаждоо иштер башка Бишкек райондорунда да пландалган.