Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, өткөн жылдын негизги окуясы 2025-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Цифрдык кодексинин кол коюлушу болду. Бул документ өлкөдөгү цифрдык чөйрө үчүн укуктук негизди түзгөн биринчи комплексдүү нормативдик акт болуп калды.
2025-жылдагы иш-аракеттердин натыйжасында төмөнкү жыйынтыктарга жетишилди:
- «Түндүк» мамлекеттик органдар аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу 191 кызмат жана сервис көрсөтүлдү, анын ичинен 141и толук автоматташтырылган. 2025-жылы 2,4 миллиард транзакция катталды;
- маанилүү цифрдык сервистер иштелип чыкты: электрондук ОСАГО полиси киргизилди, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде электрондук эмгек китеби жана 083/у формасы боюнча цифрдык маалымкат, ошондой эле кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу механизмдери сунушталды;
- дебюрократизация реформасынын алкагында кагаз маалымкаттарды талап кылууга тыюу салынды, онлайн кезектер, QR төлөмдөр жана цифрдык дипломдор ишке ашырылды;
- «СЭД Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасында 33,7 миллион документ катталды, ал эми колдонуучулардын саны 162 миңге жетти;
- цифрдык трансформацияны башкаруу реформасы ишке ашырылды: бардык мамлекеттик органдарда «цифрдык орун басарлар» институту киргизилди, кадрдык резерв түзүлдү;
- 1 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер цифрдык билимди жогорулатуу программасы боюнча, анын ичинде регионалдык тренингдер жана «Training of Trainers» программасы боюнча окутулду;
- 300 адистин катышуусунда улуттук кибер машыгуу өткөрүлдү.