




24-февралда Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети медициналык адистерди жасалма интеллект технологиялары менен иштөөгө үйрөтүү максатында семинар өткөрдү.
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын маалыматы боюнча, тренинг медициналык кызматкерлердин кесиптик жөндөмдөрүн жакшыртууга жана алардын практикасында заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган. Катышучулар теориялык билимдерди гана алып койбостон, ИИни өз ишине интеграциялоо боюнча конкреттүү сунуштарды да иштеп чыгышты.
Тренингди ачып жатып, Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Султан Абдыкадыров белгиледи:
«Саламаттык сактоо системасы бүгүнкү күндө көптөгөн кагаз иштерине туш болуп жатат, бул адистерди алаксытып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын начарлатууда. Санариптик технологиялар жана жасалма интеллектти киргизүү медициналык адистердин жумушун кыйла жеңилдетип, аларды рутиндик тапшырмалардан бошотот. Биздин максат — заманбап технологиялар менен бирге жүрүп, аларды активдүү колдонуу. Бүгүн алынган билимдер бул жолдогу биринчи кадам болот деп ишенем».
Семинар учурунда катышуучулар медициналык маалыматтарды талдоо, документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, пациенттерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана башкаруу процессин жакшыртуу үчүн ИИни колдонуу боюнча практикалык жактарын үйрөнүштү.
Тренинг Казакстандын саламаттык сактоо жана коомдук кызматкерлер профсоюзунун «AQNIET» колдоосу менен уюштурулду. Программа практикалык сабактарды, топтук талкууларды жана актуалдуу маселелерди талдоону камтып, катышуучуларга пайдалуу билимдерди алуу менен бирге кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.