
Парламенттин жыйынында спикер Марлен Маматалиев эки комитеттин төрагалары Жогорку Кенештен отставкага кеткенин билдирди.
Анын маалыматына караганда, сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Болотбек Борбиев жана эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин жетекчиси Гулсункан Жунушалиева өз ыктыярлары менен кызматтарынан кетишти.
Эми бул комитеттер үчүн жаңы төрага шайлоо күтүлүүдө.
сүрөт www