Кыргызстанда жазгы каникулдарды узартат, бирок окуу жылы кечирээк аяктайт
Анын маалыматына ылайык, министрлик ата-энелердин пикирлерин эске алган.
«Көпчүлүк кыска каникулдар боюнча нааразычылык билдиришти. Биз ата-энелердин каалоолорун эске алып, каникулдарды төрт күнгө узартууну чечтик. Окуучулар 2-марттан 7-мартка чейин эс ала алышат. Ошондуктан, окуу планын бүтүрүү үчүн, окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт. Мектептерде акыркы коңгуроо 29-майда жаңырып,» — деп белгиледи министр.