Берилген маалыматка ылайык, Чүй облустук соту 2150 ишти карап, анын ичинен 848 сот актыларына каршы арыз берилген. Чечимдердин бекитилүү деңгээли 73,82 пайызды түздү.
Жыйында Сатыев өткөн жылы Чүй облусунун соттору 42 миңден ашык ишти караганын билдирди. Ошондой эле, сот чечимдеринин туруктуулук деңгээли 60-70 пайыздын арасында болуп турган. Чүй облустук сотунда, Токмок шаардык жана Жайыл райондук сотторунда чечимдердин күчүндө калуу көрсөткүчтөрү жогору болду. Ал эми Сокулук жана Панфилов райондук сотторунда төмөнкү көрсөткүчтөр байкалууда. Кээ бир судьяларда туруктуулук деңгээли 90-100 пайызга жетсе, минималдуу көрсөткүчтөр 25 пайызды гана түзүп, бул бир нече соттордогу сот актыларынын сапатында көйгөйлөр бар экенин көрсөтүүдө.


«Ош облусунун Административдик сотунда болгон кырдаал биз үчүн олуттуу сабак болушу керек. Жок дегенде, жок адамдарга айлык эсептөө — мамлекеттик бюджетке каршы кылмыш, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошондой эле 14-февралда Бишкектин соода борборлорунун биринде Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын улук катчысы А.Ж. алдамчылык шектелип кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Сот системасы коррупциялык элементтерден тазаланууга тийиш. Мындай фактыларга орун бербеши керек», — деп баса белгиледи Медербек Сатыев.
Акырында, төрага сот системасында иштегендер профессионалдар, өз ишине жана мамлекетке берилген адамдар болушу керектигин белгиледи. Учурдагы кадрдык көйгөйлөргө карабастан, соттордо мыйзамга кызмат кылуу — аң-сезимдүү тандоо болгон чыныгы патриоттор калууга тийиш.