
2030-жылга чейин өкмөт бул көрсөткүчтү 25 пайызга чейин жогорулатууну пландоодо
«Агродиалог» форумунун жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев 2025-жылы айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 459,7 миллиард сомго жетээрин, бул 2024-жылга карата 62,9 миллиард сомго көп экенин билдирди.
Ал кайра иштетүү тармагы 104,7 миллиард сомдук продукция өндүрөөрүн, бул өткөн жылга карата 16,2 миллиард сомго көп экенин белгиледи.
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээли болгону 7 пайызды түзөт, бирок өкмөт бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 25 пайызга, 2040-жылга чейин 50 пайызга жогорулатууну көздөп жатат.
«Бул максаттарга жетүү үчүн 385 жаңы кайра иштетүү ишканасын ачуу керек, алардын 75и 2026-жылы ачылат, ошондой эле агрокластерлерди жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү керек», — деп кошумчалады ал.
Касымалиев айыл чарба продукциясынын экспорту да өсүп жатканын билдирди: 60тан ашык товар түрлөрү 80ден ашык өлкөгө жеткирилүүдө.
2030-жылга чейин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Улуттук программа алкагында негизги багыттар белгиленген, алар:
- айыл чарба продукциясынын көлөмүн 30 пайызга жогорулатуу;
- кайра иштетүүнүн физикалык көлөмүн эки эсе көбөйтүү;
- суу жоготууларын 15 пайызга чейин азайтуу;
- сугаруу жерлерин 15 миң гектарга кеңейтүү;
- 93 миң гектар жер үчүн суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
«Су камсыздоо маселесинин актуалдуулугун эске алып, 2026-жылы ирригация тармагына 12,3 миллиард сом бөлүнөт. Жалпысынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө 41,1 миллиард сом бөлүү пландалууда, бул 2025-жылы бөлүнгөн 31,5 миллиард сомдон көп», — деп белгиледи премьер-министр.
Ал ошондой эле айыл чарба жана экономика боюнча илимий изилдөөлөрдүн жана билим берүү инициативаларынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз улуттук агрардык университети жана илимпоздор тарабынан бул тармакта маанилүү салым күтүлүп жатканын айтты.
сүрөт www