Москва районунда Беловодск мал базарын жабуу маселеси кайрадан көтөрүлдү

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Москва районунда 21-февралда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда Беловодск мал базарын жабуу маселеси кайрадан талкууланды. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысы билдирет.

Күн тартибинде Беловодск жабык мал базары боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
Маалыматка ылайык, 21-февралда президенттин өкүлү Азамат Осмонов жумушчу сапар менен бир катар социалдык объектилер менен таанышкан. Андан кийин райондук администрациянын жыйындар залында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп, жабык мал базары боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Бул боюнча облустун жетекчиси базар санитардык талаптарга жооп бербесе, жабылышы мыйзамдуу экенин белгиледи.

«Аймактарда мал базарларынын санын көбөйтүү зарыл. Эгер базар санитардык нормаларга жооп бербесе, ал жабылат», - деди облустун жетекчиси.

Беловодск тургуну Жумалы Бегалиев мал базары үчүн башка жер бөлүп берүүнү өтүндү. Осмонов болсо, Сокулукте жана Кара-Балтада базарлардын иштеп жатканын белгиледи.

«Аларга жетүү үчүн 50 километр жол жүрүүгө туура келет…», - деп кошумчалады Жумалы Бегалиев.

«Менин Чүй облусундагы саясатын мал базарларынын санын көбөйтүү. Алардын саны көбөйсө, атаандаштык жаралат, бул шарттарды жакшыртат. Эгер сизде муктаждык болсо, базар куруу үчүн жерди тандап алыңыз. Бирок, эгер базар санитардык нормаларга жооп бербесе, анын ачылышына жол бербейбиз», - деп жыйынтыктады Азамат Осмонов.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: