ГСИН Рита Карасартованын СИЗОдо кармалгандардын укуктары бузулганы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
19-февралда Карасартова социалдык тармактардагы баракчасында, камактагы адамдардын мыйзамга ылайык, телефон аркылуу туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, сотко арыз бергенин маалымдады.
Бул боюнча ГСИН Карасартованын билдирген фактылары чындыкка дал келбестигин билдирди.
"Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу системасына киргенде, айыпталуучулар укуктары жана милдеттери, ошондой эле күн тартиби жана режимдик талаптар менен таанышып чыгышат, бул кол коюу менен тастыкталат", - деп белгиленди ГСИНде.
Мындан тышкары, 2006-жылдын 30-августундагы №631 өкмөттүн токтому менен бекитилген тергөө абагынын ички тартиби тууралуу эрежелердин көчүрмөлөрү, камактагы адамдардын жайгашкан камераларынын ичинде стенддерге илинген.
Рита Карасартованын арызы боюнча ГСИН өз ишин учурдагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүп, айыпталуучулардын жана соттолгондордун укуктарын сактоону кепилдейт, ошондуктан сотто өз позициясын коргоого даяр экенин билдирди", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Акырында ГСИН жарандарды расмий маалымат булактарына гана таянууга чакырды.