


21-февралга арналган программага кыргыздар, өзбектер, азербайджандыклар, түрк, дунган, орус жана пакистандыктар сыяктуу ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн чыгыштары кирди. Катышуучулар өзүнүн туулган тилдеринде ырларды аткарып, монологдорду окуп, тилинин маданий иденттүүлүктү сактоодогу мааниси жана тарыхы менен бөлүшүштү.
«Бул иш-чара президенттин жеке адамдын руханий-ахлактык өнүгүшү боюнча жарлыгынын алкагында уюштурулду. Түбөлүк түрмөгө кесилгендер үчүн мындай акциялар алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана маданий салттарга урмат көрсөтүүнү тарбиялоого багытталган», — деп белгилешти ЖАМКда.