Бул маалыматты шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.
Ал учурда калктан арыздарды кабыл алуу башталганын белгиледи.
«Бул жылы квоталар мурдагы жылдарга караганда эрте бөлүндү. Учурда биз 16 арыз алдык, анын 14ү бизнес-план менен келген жарандар үчүн жумушчу топ тарабынан бекитилди. Учурда бул жарандар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курстар өткөрүлүүдө. Өткөн жылы биздин шаарга 130 квота бөлүнгөн, биз аларды толук колдондук», - деди Н. Жакыпова.
- Манас шаарында 3000ден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө катталган, алардын ичинен 1137сү өтө кедей деп эсептелет.
«Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоору, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк тобуна кирет) тарабынан 30 миллион доллар (кредит) суммада каржыланат, экономикалык кризистин үй-бүлөлөрдүн сатып алуу жөндөмүнө тийгизген терс таасирин жумшартууга багытталган. Ал кыйын кырдаалда калган үй-бүлөлөргө убактылуу жардам сунуштайт, ошондой эле жаңы жумуш орундарын жана киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт. Долбоор ошондой эле социалдык коргоо системасын бекемдөөгө багытталган, бул жардамды максаттуу топторго эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана кедей жана уязвимдүү жаштар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.
Каржылоо 50 жылга пайызсыз берилет.
Социалдык контракт стратегиясы республикада жана Бишкек шаарында ( «уй-булого комок» алгандар) аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө багытталган. Азыркы учурда социалдык жардам 150 000 сомду түзөт, ал эми мурда сумма 100 000 сом болгон.