
ВДНХ метеостанциясында бир сутка ичинде 21 мм жаан-чачын түшүп, бул февраль айындагы айлык норманын 49 пайызын түздү, ушундайча, жарым кылымдан ашык убакыт мурун коюлган мурдагы рекордду ашып өттү.
Сүрөт «Роскосмос»
«Роскосмос» тарабынан жарыяланган спутниктик сүрөттөр, Болгариядан Россияга келген Валли циклонун көрсөтүп жатат.
Москванын четинде да жаңы рекорддор катталды. Приокско-Террасный коругунда 27 мм кар жаап, бул айлык норманын дээрлик эки үчтөн бирин түздү.
Күчтүү кар жаашынан улам Москвадагы аэропорттордо жүздөгөн рейстердин кечигүүсү жана жокко чыгарылышы болду, ал эми жолдордо 9 баллдык тыгындар пайда болду. 250гө жакын жүк ташуучу унаа кардан бошотулду.
Эскерте кетсек, 10-январда Москвада акыркы 50 жылда катталган рекорддук кар жаап, бир сутка ичинде айлык норманын 42 пайызын түзгөн.