АКШнын Мамлекеттик департаменти интернет-блокировкаларды айланып өтүү үчүн портал даярдап жатат — Reuters
Агенттиктин маалыматы боюнча, портал freedom.gov дарегинде жеткиликтүү болот жана анын негизги максаты — Европада жана башка региондордо жашаган адамдарга жергиликтүү контент блокировкаларын айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
Reuters’тин бир булагы интернет-трафикти маскировкалоо идеясы талкууланганын, бул трафиктин АКШдан чыккандай көрүнүшү үчүн VPN технологияларын колдонуу пландалганын белгиледи. Ошол эле учурда, америкалык бийликтер бул порталды колдонуучулардын аракеттерин көзөмөлдөөнү пландашпаганын билдирүүдө.
Проекттин жетекчилиги мамлекеттик катчынын орун басары Сара Роджерстин колунда. Башында бул демилгени Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сунуштоо пландалган, бирок анын презентациясы белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Госдептин ичинде бул идея талаш-тартыштарды жаратты. Кээ бир кызматкерлер бул ресурс аркылуу колдонуучулар экстремисттик же жек көрүүчүлүктү козутуучу материалдарга кире алышы мүмкүн деген кооптонууларын билдиришти.
Reuters’тин баамында, бул кызматтын ишке кириши Вашингтон менен анын европалык союздаштарынын ортосундагы мамилелердин начарлашына алып келиши мүмкүн, бул АКШнын Европалык Союздун жарандарын жергиликтүү мыйзамдарды эске албоого түрткү берип жаткандай таасир калтырат.