Сокулук районунда Кожомкул айылындагы көп жылдык таштанды жайын жоюу иштери жүргүзүлүүдө
Ал таштанды жыйнагы Кожомкул менен Фрунзе жолунун боюнда жайгашканын жана көп жылдар бою көптөгөн калдыктар жыйналганын айтты. Ар жылы таштандынын көлөмү көбөйүп турган. Бул жерден 500 метр аралыкта турак жайлар бар, ал эми жай мезгилинде бул жерде көп учурда өрт чыгып, аны өчүрүүгө көп убакыт кетчү. Жергиликтүү тургундар бул маселени чечүүгө жардам сурап бир нече жолу кайрылышкан.
Кожомкул айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, эми бардык тиричилик калдыктары Бишкектеги борбордук санитардык полигонго чыгарылат. «Буга чейин Бишкекке таштандыны чыгарууда атайын техниканын жетишсиздигинен кыйынчылыктарга дуушар болгонбуз. Ошондой эле, таштанды жыйнагы жайгашкан жердин жанында Профсоюзная көчөсүнүн курулушун улантуу пландалууда», - деп кошумчалашты айыл өкмөтүндө.