Беш себеп, эмнеге балдарга орозо кармоо сунушталбайт
Ден соолукка таасири
Мектеп окуучулары физикалык жана психологиялык өнүгүүнүн критикалык этапында турушат. Орозо кармоо алардын тамактануу жана уктоо режимин бузуп, ден соолукка жана жалпы абалга терс таасир этет.
Окуу жетишкендиги
Толук тамактануунун жана уктоонун жетишсиздиги концентрация деңгээлин жана көңүл бурууну кыйла төмөндөтүшү мүмкүн, бул өз кезегинде окуудагы жетишкендиктин начарлашына жана натыйжалардын төмөндөшүнө алып келет.
Стресс жана нервозддук
Тамак-аштын жана уктоонун жетишсиздиги балдарда стресс абалдарын жаратууга алып келиши мүмкүн, бул болсо тынчсыздануу жана жалпы эмоционалдык абалдын начарлашына себеп болот.
Иммундук система
Толук эмес тамактануу жана уктоонун жетишсиздиги баланын иммунитетин алсыратат, бул инфекцияларга жана ар кандай ооруларга кабылуусун жогорулатат.
Физикалык ден соолук
Узак убакыт бою тамак-ашсыз жана суюктуктусуз калуу баланын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат, айрыкча ал чоңдордун көзөмөлүнөн тышкары калганда.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору баса белгилейт: «Урматтуу ата-энелер! Биздин балдарыбыздын ден соолугу жана бакубаттуулугу биринчи орунда болушу керек. Аларга туруктуу тамактанууну, жетиштүү уктоону жана күнүмдүк жашоодо колдоо көрсөтүңүздөр».
2026-жылы Рамазан айы (Орозо айы) бүгүн башталганын белгилеп өтүү керек.