
Полициянын маалыматына ылайык, ИИМге Т.О. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Ал «Орто-Сай» базарында З.К. аттуу аялдын ишенимин утуп алып, Түркиядан спорттук кийимдер алып келем деп, 1 миллион 200 миң сомдук акчаны алдап алганын билдирген. Андан кийин алдамчы аял издин жашырып кеткен.
Бул окуя боюнча Октябрь районунун тергөө органдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгошту.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери 1993-жылы туулган шектүүнүн кайда экенин аныктап, кармашты. Ал тергөө органдарына жеткирилди, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Полиция бул шектүү аялдын аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон бардык адамдарды 0700210024, 0551900059 же 102 номерлери боюнча кайрылууга чакырат.