Бишкек ШИИБинде балдар ооруканасынын нефролог дарыгери кармалышы тууралуу комментарий беришти
Управлениенин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2025-жылдын 28-августунда З. С. укук коргоо органдарына Улуттук энелик жана балалыкты коргоо борборундагы болжолдуу дарыгерлик ката тууралуу арыз менен кайрылган.
Арызда келтирилген маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын октябрь айында нефролог дарыгер Н. Б. 2011-жылы төрөлгөн К. А.ны дарылоодо туура эмес дарылоону жүргүзүп, бул оор кесепеттерге — оң буттун ампутациясына алып келген.
Соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, шектүүгө каршы айып коюлган. Учурда ал кармалып, Бишкек ГУВДсынын убактылуу кармоо жайында жатат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бишкекте НЦОМиДдин нефролог доктурун кармашты. Жамаат кайрылуу жасады
Националдык энелик жана балалыкты коргоо борборунун кызматкерлери Кыргызстандын президенти Садыр...
Бишкекте белгилүү нефролог, трансплантолог Насир Бейшебаев кармалды
Интернеттен алынган сүрөт. Насира Бейшебаева Насира Бейшебаеванын, медицина илимдеринин кандидаты...