
Кыргызстанда абанын сапатын жогорулатуу, климаттык саясатты иштеп чыгуу жана калдыктарды башкарууну оптималдаштыруу боюнча чаралар активдүү кабыл алынып жатат. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Абанын сапатын жакшыртуу максатында Министрлер Кабинетинин 221 номерлүү буйругу менен Межведомстволук комиссиянын курамы жаңыртылды. Бул комиссия 10 жыйын өткөрүп, Ош жана Манас шаарларында актуалдуу экологиялык маселелерди жана алардын чечүү жолдорун талкуулаган выезддик жыйындарды уюштурду. Жумуштун натыйжалары булгануунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн конкреттүү чараларды аныктоого мүмкүнчүлүк берди.
Эл аралык кызматташтык максатында Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоору башталды, анын баасы 10 миллион АКШ долларын түзөт жана 2028-жылы аяктоо пландалууда. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан 50 миллион доллар бюджет менен окшош долбоор ишке ашырылууда.
Климаттык саясатты жакшыртуу үчүн Президенттин 105 номерлүү Указы менен экологиялык коопсуздук концепциясы бекитилген, ал эми Министрлер Кабинетинин 397 номерлүү токтому менен углероддук нейтралдуулукка жетүү концепциясы кабыл алынган. Улуттук адаптациялык план долбоору иштелип чыккан. Мындан тышкары, 487 номерлүү токтом менен экология, климат жана "жашыл" экономика маселелери боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн, анын жыйынында Үчүнчү улуттук аныкталган салым жана Улуттук инвентаризациялык отчет бекитилген, алар БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамочная конвенциясынын секретариатына жөнөтүлгөн.
Кыргызстан 12 эл аралык экологиялык конвенцияларда катышууда. Радиациялык коопсуздук боюнча Веналык конвенцияларга кошулуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Япония, Кытай, Улуу Британия жана ШКУ сыяктуу өлкөлөр менен сегиз эл аралык келишимге кол коюлган. Учурда өлкөдө абанын сапаты, биоалуулук жана радиациялык коопсуздук боюнча жети эл аралык долбоор ишке ашырылууда, ал эми 17 өлкө менен өкмөттөр аралык комиссиялар аркылуу техникалык жана инвестициялык кызматташтык активдүү жүргүзүлүүдө.
Калдыктарды башкарууну уюштуруу үчүн 325 номерлүү токтом менен "Экооператор" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Кеңейтилген жоопкерчилик механизми алкагында 74 миллион сомдон ашык утилзациялык төлөмдөр жыйналган.
Жергиликтүү деңгээлде "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" конкурстары өткөрүлүүдө. Финалга тогуз шаар жана он айыл аймагы чыкты, ал эми жеңүүчүлөргө "Шумкар" ташуучу унаалар, калдыктарды сорттоо линиялары жана атайын техника берилди.