
Эртең көпчүлүк өлкөлөрдө Рамазан айынын биринчи күнү башталат.
Рамазан айынын биринчи күнү 19-февралга туура келет, деп билдирет Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы.
Ведомстводо социалдык тармактарда тараган, бүгүн, 18-февралда орозо башталат деген имиштерди четке какты.
«Жүргүзүлгөн байкоолорго жана астрономиялык эсептөөлөргө ылайык, 2026-жылдын 18-февралы хиджре боюнча Шаабан айынын отузунчу күнү, ал эми Рамазан айынын биринчи күнү 19-февралда болот», - деп тактады ДУМКнын өкүлдөрү. Алар ошондой эле мусулман калкы бар өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө орозо эртең башталат деп белгилешти.
Сүрөт www