Түп районунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылганына 37 жыл толуусу белгиленди
Turmush маалымат агенттиги билдиргендей, иш-чарага Советтик армияда кызмат кылган жана Сары-Толой менен Кен-Суу айылдарында жашаган үч ардагер чакырылган. Жергиликтүү тургундар конокторун жылуу тосуп алышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары Каркыра айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары болуп саналат. Ардагерлерге урмат көрсөтүлүп, андан соң алар жаштар менен согуш жылдары тууралуу эскерүүлөрүн бөлүшүп, патриотизмдин жана тынчтыкты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Программа алкагында 5–6-класстын окуучуларынын катышуусунда конкурстар өткөрүлдү, ошондой эле патриоттук ырлар жана бийлер көрсөтүлдү.