



Шаардык мэрияда «Чатыр-Куль» кинотеатрынын ордунда курулуучу жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору сунушталды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор заманбап маданий мейкиндикти түзүү үчүн иштелип чыккан.
Учурда капиталдык курулуш башкармалыгы участоктун айланасына тосмо орнотуп, бар болгон имаратты бузуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин Бишкектин мэри окуя болгон жерди барып көрүп, жооптуу кызматкерлерге объекттин келечеги боюнча чечим кабыл алууну жана жаңы долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүүнү тапшырган.
Бул тапшырмага ылайык, бүгүнкү күндө жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору даярдалды, долбоорлоо иштери улантылууда.