Бул платформа айыл чарба тармагындагы жеткиликтүү санариптик кызматтар жөнүндө маалыматка ачык кирүүнү камсыздоо үчүн арналган. Агропортал аркылуу колдонуучулар мамлекеттик агрардык кызматтарды электрондук форматта алуу үчүн арыздарды берүүгө, ошондой эле агроөнөржай комплексиндеги жаңылыктар жана окуялар жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат. Агропортал агрардык сектордун бардык катышуучулары үчүн маалыматтын бирдиктүү булагына айланды.
Учурда система министрликтин төмөнкү кызматтарын камтыйт:
- Тарифтик квоталар. Белгилүү түрдөгү эт продукцияларын импорттоо үчүн тарифтик квоталарды онлайн режиминде арыз берүү жана автоматтык түрдө бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн берген маалыматтык система.
- ПС жана ПИО. Текшерүү жана эсепке алуу үчүн тукумдук чарбалар жана жасалма уруктандыруу пункттарын каттоо үчүн бирдиктүү система.
- Балык уулоочу билет. Балык уулоочу билеттерди жана карточкаларды алуу үчүн арыз берүүчү электрондук кызмат.
- Биологиялык коргоо. Айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо үчүн биопрепараттар жана энтомофагдар боюнча онлайн буйрутма берүү системасы.
- Агрохимиялык кызматтар. Электрондук форматта жердин анализи, химиялык иштетүү жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн арыздарды берүүгө мүмкүндүк берген кызмат.