
16-февралда Шабдан айылындагы айыл чарба жеринде, Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына болгону эки километр аралыкта учуп кете албаган ак куулар табылды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Министрликтин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар кушту кармап, анын коопсуздугун камсыздоо үчүн парк кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул окуя боюнча расмий акт түзүлүп, ак куулар жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жөнөтүлгөн. Учурда борбордун адистери ветеринардык текшерүү жүргүзүп, зарыл реабилитациялык процедураларды камсыз кылышууда.
Министрлик жарандарды жапайы табиятка урмат менен мамиле кылууга, жаныбарларды мыйзамсыз кармоого жол бербөөгө жана зарылчылык болсо дароо тиешелүү кызматтарга билдирүүгө чакырат.