Мугалимдерди кемсинткендиги жана жүктөмү үчүн айып пулдар бир нече эсе көбөйтүлөт
Мугалимдерге болгон сый-урматтын жоктугу үчүн айыппулдарды жогорулатуу
Ушул сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, мугалимдерге болгон сый-урматтын жоктугу, анын ичинде жаман сөздөр, кемсинтүү жана адепсиз иш-аракеттер үчүн айыппул беш эсе жогорулатылат. Азыркы учурда 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом) өлчөмүндө эскертүү же айыппул каралган, ал эми жаңы сунуш 50 эсептик көрсөткүч (5 миң сом) өлчөмүндө эскертүү же айыппулду сунуштайт.
Ошондой эле ата-энелер үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Эгерде укук бузууну 16 жашка чейинки бала жасаса, учурда болгону эскертүү колдонулат. Эскертүү же 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) өлчөмүндө айыппул киргизүү сунушталууда.
Мугалимдердин ишине кийлигишүү үчүн жоопкерчиликти киргизүү
Кодекс мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде мугалимдердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу боюнча жаңы беренемен толукталат.
Кийлигишүү дегенде, мугалимдерди өз милдеттерине тиешеси жок иштерге тартуу, мыйзам менен каралбаган отчетторду жана маалыматтарды талап кылуу, мыйзамсыз текшерүүлөр, ошондой эле өз эсебинен товарларды же кызматтарды сатып алууга мажбурлоо түшүндүрүлөт.
Укук бузуулар үчүн мындай айыппулдар сунушталууда: биринчи жолу физикалык жак тарабынан жасалган укук бузуулар үчүн — 50 эсептик көрсөткүч (5 миң сом), ал эми кызмат адамдары үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом). Эгерде жыл ичинде кайрадан укук бузуулар болсо, физикалык жактар үчүн сумма 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом), кызмат адамдары үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) болот.
«Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты билим берүү мекемелеринде мугалимдердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын кесиптик ишине кийлигишүү менен байланышкан укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү», — деп белгилешти Билим берүү министрлигинде.
Мыйзам долбоору февраль айынын аягына чейин коомчулук тарабынан талкууланат.