Мунун себеби, учурдагы мыйзамдарда чет өлкөлүк укуктарга ээ, бирок Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандар үчүн милдеттүү каттоо механизмин так аныктоого мүмкүндүк бербеген жетишсиз регламентация болуп саналат. Бул айдоочулардын каттоосун жүргүзүүдө жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөөдө, ошондой эле мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууда кыйынчылыктарды жаратат.
Жогоруда айтылганды эске алып, ИИМ Кыргызстан жарандары үчүн бардык чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөрдү Автотранспорт каражаттарын каттоо мамлекеттик борборунда милдеттүү каттоону киргизүүнү сунуштайт.
Мындан тышкары, укук бузуулар кодексине чет өлкөлүк укуктарды убагында каттотоо боюнча жоопкерчиликке байланыштуу беренелерди кошуу пландалууда: жеке адамдар үчүн айып пул 30 эсептик көрсөткүчтү (3 миң сом) түзсө, юридикалык жактар үчүн — 130 эсептик көрсөткүчтү (13 миң сом).
Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин, "Унаа" системасында каттоо тартиби жана мөөнөттөрү министрлер кабинетинин тарабынан аныкталат.