РФда 35 пайыздан ашык мигранттар орус тилин биринчи жолу тапшырган жок
2025-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин орус тилин чет тили катары, ошондой эле Россиянын тарыхы жана мыйзам негиздери боюнча экзаменди 201 675 адам тапшырды. Экзаменди ийгиликтүү тапшырган катышуучулардын үлүшү 87,9% түздү, ал эми 35,5% биринчи жолу өтө алган жок.
Мигранттарды аттестациялоо үч деңгээлде өтөт: биринчи — Россияда иштөө үчүн патент алуу, экинчи — убактылуу жашоого уруксат, жана үчүнчү — туруктуу жашоого уруксат.
Ар бир экзамен үч компоненттен турат: орус тили боюнча тест, Россиянын тарыхы боюнча билимдерди текшерүү жана мыйзам негиздери боюнча тест.