




Бишкекте мыйзамсыз насыя берүү жана «кара ломбарддын» иши токтотулду, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК).
Жогорку пайыздык ставкалар менен насыя берүүчү мыйзамсыз ломбарддарды аныктоого багытталган операциянын жүрүшүндө 12-февралда Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Т. кармалды.
Кармалган адам оор финансылык абалда калган адамдарга насыя берип, мунун натыйжасында кыйла киреше тапкан, анын ичинде жылжымай турган мүлккө кепилдик катары насыялар берген.
Текшерүү учурунда онго жакын жылжымай турган мүлктүн документтери жана мыйзамсыз сакталган ок-дарылар менен Байкал маркасындагы курал табылган.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылды.
Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана мүмкүн болгон катышуучуларды табуу боюнча тергөө иштери улантылууда.