Манас шаарында Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылганына 37 жыл толуусу белгиленди
Иш-чара шаардык мэриянын акт залында өттү. Иш-чарага катышкандардын арасында мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, афгандык ардагерлер жана каза болгон аскерлердин жубайлары болду.
Мэр өз сөзүндө, мурда афган согушунун катышуучулары, алардын үй-бүлөлөрү жана согушта жаракат алган адамдар жыл сайын шаардык бюджеттен 2000 сом алчу экенин белгиледи. Ал ошондой эле, ушул жылдын экинчи жарымынан баштап бул сумма 5000 сомго көтөрүлөрүн маалымдады.
1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган Афганистандагы согушта Манастан 138 жоокер катышкан, учурда алардын 117си тирүү.
Тарыхый маалымат: Афган согушу — 1979-жылдан 1989-жылга чейин Афганистанда болгон куралдуу конфликт.
Конфликттин негизги катышуучусу Советтик Союз болуп, ал афган өкмөтүнө колдоо көрсөтүү үчүн өз аскерлерин киргизген.
Конфликт СССР тарабынан колдоого алынган өкмөт менен жергиликтүү каршылык күчтөрү, моджахеддер деп аталгандар арасында болгон. Согуштун натыйжасында он миңдеген адамдар каза болуп, миллиондогон адамдар качкынга айланган.