
Тоо-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат
13-февралдын 10:00дөн тартып Тоо-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучулар үчүн убактылуу чектөө алынып салынды.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, учурда кар жаап жатат жана жол кызматкерлери үзгүлтүксүз иштеп жатышат.
Ошондой эле, Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр 11-февралда 03:40та киргизилгенин белгилеп өтүү керек.
Учурда кыймыл ачылган, трассаны кардан тазалоо уланууда.
Сүрөт www