Анын айтымында, "өлкөдө байкалган өзгөрүүлөр болду, биз баарыбыз байкадык. Мен эки же бир адамга эмес, Кыргызстан элине жана парламентке кызмат кылам. Мындан ары мен ушул институттарга кызмат кылууну улантам, жана мени конкреттүү адамдар менен байланыштыруу туура эмес". Тургунбек уулу VII чакырылыштагы төрага болуп иштегенин жана өлкө үчүн маанилүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга катышканын белгиледи. Жетишилген саясий туруктуулуктун аркасында Кыргызстан экономикасы динамикалык өнүгүүгө киришти. Ал президент Садыр Жапаров баштаган команда жана кыргыз парламенти бул процессте маанилүү роль ойногонун баса белгиледи. Бардык маанилүү чечимдер ушул дубалдардын ичинде кабыл алынды, бирок саясий маданиятты да өнүктүрүү зарыл.
Түшүнбөстүктөрдү жана талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн, мен Жогорку Кенештин төрагасы кызматынан кетүү чечимин өз ыктыярым менен кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим, жана эч ким мени басымга алган жок — мен күчтүү мүнөздөгү адаммын жана мындайга жол бермек эмесмин.Анын пикиринче, өлкөдө туруктуулукка жетишүү үчүн президент тарабынан башталган саясий реформаларды улантуу зарыл. "Бул максаттар үчүн мен мындай чечимди кабыл алдым", - деп кошумчалады ал.