

Баткен облусунда «Автомобиль жолдорун жана жол жабдыктарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу алкагында атайын техникаларды өткөрүп берүү аземи өттү. Маалыматка ылайык, иш-чарада Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, JICAнын өлкөдөгү туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев жана Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, ошондой эле жергиликтүү чиновниктер катышты.
Япон агенттиги JICAнын колдоосу менен регион 43 даана жол куруу жана эксплуатациялоочу техникаларды алды, ошондой эле саатына 35 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ асфальт-бетон заводун орнотуу иштери жүргүзүлдү.
Облустун башчысы бул кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди: «Аралыктан көз каранды болбой, Япония өз колдоосун көрсөтүп жатат. JICA - бул биздин көп тармакта кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген ишенимдүү өнөктөш».
Асфальт-бетон заводунун ишке кириши менен региондо курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн керектүү материалдарды камсыздоо мүмкүнчүлүгү кыйла жакшыртылат, ал эми жаңы техника жол жабдыктарын кармоо процессин тездетет.
Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2025-жылы Баткен облусунда 84 км жол оңдолуп, 56 км шагыл жолдор курулган. Бул жылы 300 км жол асфальттоо жана 100 км шагыл жолдор куруу пландалууда. ```