
Жогорку Кенештин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев быйылкы жылы Кыргызстандын суу сактагычтарындагы суу көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла азайганын билдирди.
Учурда өлкөдө 498 суу сактагычы иштеп жатат, алардын жалпы долбоордук көлөмү 1 миллиард 750 миллион кубометрди түзөт. Бирок, чыныгы жыйналган суу көлөмү болгону 939 миллион кубометр, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 32% аз.
Мындан тышкары, Торобаев 2026-жылы 1 миллион 250 миң гектар жерди эгинге айдауу пландалып жатканын, анын ичинен 885 миң гектар сугарылуучу жерлер болорун белгиледи. Ошондой эле, сугат үчүн орточо 4–5 жолу 6 миллиард 300 миллион кубометр суу талап кылынарын айтты.
Сүрөт www